«Дагы жакшы ээси аман калды». Ысык-Көлдө чагылган түшүп, 60 кой өлдү (видео)

15-август күнү нөшөрлөп жааган мөндүрдөн улам Тоңдогу Коңур-Өлөң айылынын үстүндө жайгашкан жайлоого чагылган түшкөн.Чагылгандын кесепетинен 60 кой өлгөндүгү тууралуу айыл башчысы тарабынан маалымат түшкөн. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Райондук ветеринардык кызматтын жетекчисине комиссия түзүп чагылган түшкөн жерди аныктап, өлгөн малдарды атайын көмүүчү жайга көмүү боюнча тапшырма берилди. Азыр Коңур-Өлөң айылынын жайлоосуна техника бара албагандыктан айыл тургундары менен биргеликте ат менен түшүрүү боюнча ветеринардык кызматтын кызматкери жана айыл башчысы болуп сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — дешти.