Дайынсыз болуп жаткан Талант Мырзаевдин сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт

Февралдын аягынан бери дайынсыз болуп жаткан Талант Мырзаевдин сөөгү табылды. Ал 21-февраль күнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүнөн чыгып кетип, ошол боюнча келген эмес. Райондук милиция аны издөөгө алган.

Бүгүн, 5-мартта, Мырзаевдин сөөгү кечээ Кунтуу айылынан табылганы белгилүү болду. Маалыматты Сокулук райондук ИИБ тастыктады. Маркум 59 жашта болчу.