Дайынсыз жоголуп изделип жаткан 69 жаштагы аялдын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды

Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушунун тургуну, 69 жаштагы аял киши 23-январь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 24-январда аялдын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы айланма унаа жол менен Чоң Чүй каналынын көпүрөнүн астынан табылган. Издөө башталып, натыйжа болбой жаткан.

Кечээ, 26-январда ал жерде 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада аял кишинин жансыз денеси табылды. Куткаруучулар маркумдун денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.