«Далил боло турган документтерди өрттөп». Бишкектеги өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен штабынын төрагасы кармалды

Бишкектеги өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын төрагасы кармалды. Ал кылмыш ишке тиешеси бар документтерди өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал жарандардын ишенимине кирип, өзүн Бишкек мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча алган. Шектүү жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган. Кылмышты жашыруу максатында аты-жөнүн да өзгөрткөн.

«Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда жарандан соттун санкциясы боюнча анын жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган төгүндөлгүс далилдер табылган. Ошол эле учурда акыркысы кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган»,- деп айтылат маалыматта.