«Далысына 9 жолу сайган». Москвада кыргызстандык кыз өлтүрүлдү

Орусиянын тергөө комитети Мытищи шаарында Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Бул тууралуу «Вечерняя Москва» жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя 6-августка караган түнү болгон. Шектүү жаран кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган. Ал каршылык көрсөткөндө, ал бычак алып чыгып, аны далысына тогуз жолу сайган.

Кыз алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Кылмышка шектелип, 46 жаштагы киши кармалып, күнөөсүн мойнуна алган. Кармалган адамга карата «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ЖМКлар жазган маалыматка караганда, 19 жаштагы кыргыз жараны Орусияга 2020-жылы барган. Окуя болгон күнү ал англис тили курсунан үйүнө кайтып келе жаткан.