Даниель Ажиев 29-июлга чейин камакта калтырылды

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, анын бөгөт чарасы кечээ каралып, 29-июлга чейин камакта калтырылган.

Даниель Ажиев кечээ, 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.