Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Даниел Ажиевге карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти. 

Ал Кылмыш жаза кодексинин 60-беренесинин 1-бөлүгү («Сойкулук үчүн жайларды уюштуруу же сутенерлик кылуу»), 161-берене («Порнографиялык мүнөздөгү нерселерди таратуу») жана 261-берененин 1-бөлүгү («Уюшкан топ түзүү»), 215-беренесинин 3-бөлүгү («Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү») менен күнөөлүү деп табылган.  

Ал мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу, 2 жылдык мөөнөткө ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөп, 220 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө менен соттолду.

Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.