Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин камактагы мөөнөтү дагы 2 айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 29-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.