Нарымбаев менен Баатырбеков «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип жатышат

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы жогорку кызмат адамдарын кармоо улантылууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Мурда маалымдалгандай, ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

«Тергөө иш-аракеттеринин натыйжалары боюнча жана сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 9-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев, ошондой эле парламенттин экс-депутаты Алмазбек Баатырбековго кылмышка шектүү жөнүндө билдирүү берилген. Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту аталган адамдарга карата тергөө бүткүчө камака алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды», — деп айтылат маалыматта.