Дээрлик 11 килограмм маңзат уурдаган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы тарабынан ИИМдин Ички коопсуздук кызматы менен биргеликте Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгында кылмыш иштердин алкагында буюм далил катары табылган баңги каражаттардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анда Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери кылмыш иш боюнча буюм далил катары өткөрүп берилген салмагы 10 килограмм 758 грамм “гашиш” түрүнө кирген баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында атайын сактоочу камерадан уурдагандыгы аныкталды.
Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси (“Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу”) менен кылмыш иши козголуп, Биринчи Май РИИБинин башкармалыкты камсыздоонун старшинасы камакка алынды. Кылмыш иштин тергөөсү улантылууда.