«Дем жетпей жаткан». Ошто апасын унаасынын жүк жүктөөчү бөлүгүнө салган жигит айыпка жыгылды

Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөт, видео менен бөлүшүп, аял кишини унаанын жүк жүктөөчү бөлүгүнө салган айдоочуну талкуулап жатышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Оштогу Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришти. Маалыматка караганда, маалымат түшкөндөн кийин айдоочу 20 мүнөттөн соң табылган. «Артындагы аял дем жетпей жатканынан улам ошол жакка отургузууну суранган экен. Баласынан өзү сураныптыр. Айдоочуга айып салынды», — дешти алар.