Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысын аныктады.
Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97-үй дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү (помещение) ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган. 4-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору А.С.С. 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.