Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

УКМК Дене тарбия жана спорт департаментиндеги коррупциялык схеманын бетин ачты.

Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилери катышкан коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, аталган департаментинин директорунун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси 2023-жылы «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоочу медицина борбору» мекемеси расмий түзүлгөнгө чейин медициналык жабдууларды сатып алуу процедураларын баштаган.

Аталган кызмат адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн пландарын ишке ашыруу жана мыйзамсыз материалдык баюу максатында жарандын аффилирленген фирмасын 30 миллион сом суммасында медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн тартышкан, ал жерде макулдашуу талап кылынган стандарттарга ылайык келбеген бааларды жогорулатуу менен жабдуулардын тизмесин жана аталыштарын өзгөртүшкөн.

Коррупциялык схеманын натыйжасында, сатып алынган жабдуулар бүгүнкү күнгө чейин толук ишке киргизилген эмес жана максатына жараша пайдаланылбай, кампада сакталып турат, мында жогорулатылган баалардын айырмасы боюнча гана мамлекеттин бюджетине 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ошондой эле, сатып алынган чыгымдалуучу материалдардын жана реагенттердин бир бөлүгү мөөнөтү өтүп кеткен жана керектөө касиеттерин жоготкон.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча департаментинин директорунун орун басары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржы бөлүмүнүн жетекчиси жана ЖЧКнын директору кармалды.