«Денеси, башы, колу-буту көгала болгон». Дагы бир аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду

Сузак районунда жубайын сабап өлтүргөнгө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-май күнү саат 15:30 чамасында милицияга Базар-Коргон районунун тургуну кайрылып, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жашаган бир тууган карындашын жолдошу уруп өлтүрүп койгондугун билдирген. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалган. Бул факты боюнча 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Соттук-медициналык экспертизанын негизинде аялдын башында, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу такталган. Жолдошу көрсөтмөсүндө, 29-май күнү үйүндө аялы менен сөз талаша кетип, мас абалда болгондуктан жубайын уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эрте менен туруп аялын караган учурда ал каза болуп калгандыгын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1987-жылы туулган маркумдун жолдошу кылмышка шектүү катары кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.