«Денесин бөлүктөргө бөлүп, ыргытып жиберген». Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Балта шаарында адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

9-февралда саат 19:55те милицияга Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү темир жолдогу гараждардын артында белгисиз адамдын бөлүнгөн денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда, белгисиз адамдын денесинин бөлүктөрү табылып, буюм далилдери (кийимдери) алынган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде маркум такталып, ал Жайыл районунун тургуну 1977-жылы туулган Д.Э. болуп аныкталган. Мындан тышкары бул кылмышка шектүү да такталып, ал мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Жайыл районунун тургуну 1989-жылы туулган жаран экендиги аныкталып, кармалды.

Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Кылмыш ишинин алкагында иш-чараларынын жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган. 2-январда 1977-жылы туулган Д.Э. жана 1989-жылы туулган С.А. аттуу жарандар чогуу спирт ичимдиктерин ичишип, ортодо чыр чыгып, ал мушташка айланып кеткен. Жаран Д.Э. денесинен жаракат алып, каза болуп калган. Ал эми 4-январда шектүү каза болгон жарандын жансыз денесин бөлүктөргө бөлүп, Кара-Балта шаарынын Фрунзе көчөсүнүн түндүк тарабындагы темир жол тараптагы гараждардын артына ыргытып жиберген. Тергөө иштери улантылууда.