«Тийишип, денесин кармалап, муунтуп…» Чүйдө 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кемин районунда өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-июнь күнү саат 17:15 чамаларында Кемин РИИБге Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБдин ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, денеге кароо жургүзүү учурунда анын киши колдуу болгондугу аныкталган. Кийин болжол менен саат 17:30да Кемин РИИБге аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда 11:00 чамасында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган жаран экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30да кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, саат 10:59 чамасында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтүрүп алып, барарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген. Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалды. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00дө каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаган, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.