Денесинин 20 жеринен бычакталып, каза болгон Айгерим Нурланбекованын кайнатасы каза болду

Каза болгон 27 жаштагы Айгеримдин атасы Нурланбек Абылдаев кудасы каза болгонун айтты. «Кызымдын кыркынан кийин кудамдын иниси чалды. Кудам жүрөк оорусу кармап каза болуптур. Айгеримдин баласы, неберелерим каникулга менин үйүмө келген. Кудамдын иниси чоң атасына топурак салсын дегенинен алып бардык. Кудам жакшы адам болчу, аскер кызматкери эле, полковник болчу», — деди Нурланбек Абылдаев.

Кечээ, 5-февралда Ленин райондук сотунда жолдошу тарабынан денесинин 20 жеринен бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада каза болгон Айгерим Нурланбекованын өлүмү боюнча биринчи отурум болду.

Соттон кийин Айгеримдин бир тууган агасы Азизбек Абылдаев күйөө баласы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жатканын билдирди. «Сыягы жеңилдик алайын деп ойлоп жатат го. Айгерим да мага бычак сайды деп жатат. Экспертизалардын жыйынтыгы турат. Бычакта күйөө балабыздын гана бармак издери бар. Карындашымдын кол издери жок», — деди ал.

«Караңгылыкта эле калдык» деген Айгеримдин апасы шектүүгө катуу жаза берилишин, өмүр бою абакта калышын каалай турганын кошумчалады.