«Денесинин бөлүктөрү суудан табылган». Чүйдө аялын өлтүрүүгө шектүү Орусияда кармалды

Чүйдө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча шектүү Ханты-Мансийск шаарында кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-октябрда БЧКнын суусунда адамдын жансыз денесинин бөлүктөрү табылган. Суунун багыты боюнча издөө иштеринде Бишкектин аймагынан калган денесинин бөлүгү табылган. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган. 15-октябрда аталган факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренси боюнча кылмыш иши козголгон. Табылган дене бөлүктөрү аял кишиге таандык экени аныкталган.

Маркумдун 1974-жылы туулгандыгы аныкталып, анын Аламүдүн районунун Пригородное айылынын тургуну экени маалым болгон.

Кылмышка анын 1968-жылы туулган күйөөсү шектүү катары аныкталган. Анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени маалым болгон. Ал Орусиянын аймагынан кармалып, Кыргызстанга алып келүү иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.