Депутат Ажибаев менен күзөтчүнүн чыры. Өзү эмне дейт?

Кечээ, 4-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев “Азия Молл” соода борборунун күзөтчүсүн унаасы менен сүзүп кете жаздап, андан кийин токтоп, экөөнүн ортосунда чыр чыкканы тартылган видео соцтармактарга тарады.

24kg жазган маалыматка караганда, окуя 21-июнда болгон жана депутат соода борборунун машина токтотуучу жайынан айдап чыгып бара жатып, күзөтчүгө тийип өткөн. Күзөтчүнүн эскертүүсүнө орой жооп берип, машинадан чыгып келип, мушташа кеткен. Эл өкүлү окуядан кийин И.Д аттуу адам кол көтөрдү деп милицияга арыз жазган. Ленин райондук милициясы арыз түшкөнүн, бирок тараптар бири-бирине доосу жоктугун билдирип, депутат арызын кайтарып алганын маалымдашты. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес.

Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдаша кеткенин ырастап, бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. «Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, «машинеден ары тур” деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир аз алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын», — деп жазды. Депутат кийин жазган арызынан баш тартып, чырдашкан адам менен элдешкенин кошумчалады.