Депутат Акбөкөн Таштанбековго козголгон кылмыш иши токтотулду

Депутат Акбөкөн Таштанбековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди бүгүн, 11-февралда Свердлов райондук соту чыгарган. Жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулганы белгиленген.

6-декабрда УКМК маалымат таратып, Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Андан кийин БШК Акбөкөн Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Кийин үй камагына чыгарылган.