Депутат Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутат Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Депутат 30-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алган.