Депутат Асылбек Жээнбеков камакта калтырылды

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту депутат Асылбек Жээнбековдун адвокатынын анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо аразын карады. Бишкек шаардык сотунун берген маалыматына караганда, адвокаттын доо арызы канааттандырылган жок. Тактап айтканда, депутат 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Жээнбеков УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.