Депутат Бакытбек Жетигенов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновдун баш коргоо чарасы боюнча адвокаттарынын арызын карады.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу эл өкүлүн камакта калтырууну суранды. Жактоочу Рабига Садыкова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу жана депутатты камактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

Соттук коллегия кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.