Кечээ, 15-январда Ошто Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов коррупциялык иштерге шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутат Бишкекке жеткирилип, Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына 2 айга киргизилгени маалымдалууда.
Дүйшөн Төрөкулов менен чогуу Жантай Шаменов аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын да УКМКдан билдиришти.