Депутат Иса Өмүркулов: «Уулум баңги эмес»

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев өз унаасы менен жол кырсыгына кабылганы маалым болгон. Ал Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан адамды сүзгөн. Жабыркоочу 1992-жылы туулган кыз экени аныкталып, ал ооруканага жеткирилгени айтылган эле.

Жол кырсыгына байланыштуу депутат «Спутник» агенттигине комментарий берген. «Баары жакшы. Эч кимди тепселеп, сүзүп кеткен жок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, уулум жол чырактын жашыл белгиси өчөрдө солго бурулган. Бул учурда велосипед тепкен киши жөө адамдар баскан чийинден өтүп кетүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында уулумдун унаасы велосипеддин канатына тийген. Эч ким ал жерден качып кеткен жок», — деген Иса Өмүркулов.

Эл өкүлүнүн айтымында, жабыркаган адамга жардам берилип, ооруканага жаткырылган. Ал эми уулу Азамат Исаев кармалбаганын айтып, анын канында баңгизат болгон деген маалыматты төгүндөдү.