Депутат Иса Өмүркуловдун уулу жол кырсыгына дагы кабылганы маалымдалууда (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев өз унаасы менен жол кырсыгына кабылганын «Кактус» басылмасы жазды. Анда жазылган маалыматка караганда, депутаттын уулу Бишкек шаарынын Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан адамды сүзгөн. Жабыркоочу 1992-жылы туулган кыз экени аныкталып, ал ооруканага жеткирилген. Ал эми депутаттын уулу кармалып же анын унаасы айып короосуна токтотулгандыгы тууралуу белгисиз экендиги айтылат.

2011-жылы Бишкектин айланма жолунда Азамат Исаев башкарган Тойота Лэнд Крузер унаасы жолдо Ауди унаасын сүзүп, жол кырсыгынын кеспетинен 3 адам каза болгон эле. Экспертизанын жыйынтыгы жана соттун жүрүшүндө күнөө депутаттын уулу тарабынан болгону аныкталган.