Депутат Иса Өмүркуловдун уулунун велосипедчен кызды сүзүп кетиши. Кылмыш иши токтотулду

Архив

Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. «Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу кыздын ден соолугуна жеңил зыян келтирилген. Ал Өмүркуловго эч кандай доосу жок экендигин жазуу жүзүндө билдирди», — деп айтылат маалыматта. 

Басма сөз кызматынан белгиленгендей, сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-процессуалдык кодексинин 26-беренесине («Иш боюнча өндүрүштү токтотуучу жагдайлар») ылайык токтотулган. «Жол кыймылынын эрежелерин бузуу бөлүгүндө, эреже бузуу кодексинин 123-1-бөлүгүнүн 2-бөлүгү, 128-бөлүгүнүн 1-бөлүгү жана 122-бөлүмүнүн 1-бөлүгү боюнча жалпы суммасы 22,5 миң сом өлчөмүндө айып салынды», — деп билдиришти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан. 

Өмүркулов 15-май күнү кечинде жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөн велосипедчен кызды сүзүп кеткен. Ал өзүнүн Порше Панамера унаасында болчу. Жабырлануучу амбулатордук дарылануудан өткөн соң, арыз жазуудан баш тарткан. Мындан тышкары, окуя болгон күнү айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткандыгы маалым болгон.