Депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 миллиард сом төлөдү. Эми ал эркиндикке чыгышы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 миллиард сом төлөдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевге каршы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.

«Бүгүнкү күндө Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди.

Буга байланыштуу, тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага карата өлкөдөн чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди»,- деп айтылат маалыматта.