Депутат Марат Аманкулов сурактан чыкты

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов УКМКга сурак берип чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Буга чейин УКМК анын соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» эс алуу борборунда коттедж, 3 хан сарайы жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 автоунаасы бар экенин жарыялаган. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашат.