Депутат Ноокатта мугалим окуучуну зордуктаганын айтып чыккан. Милиция эмне дейт?

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ноокатта мугалим окуучуну зордуктаганын айтып чыккан. Бул боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

«Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалып, 24-март күнү камакка алынып, райондук сот тарабынан бөгөт коюу чарасы камак түрү тандалган. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.