Депутат Рыскелди Момбеков менен анын жан сакчысы таксистти сабаган деп шектелүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысы таксистти сабаган деп шектелүүдө. Бул маалыматты Биринчи Май РИИБден тастыкташты. 

Окуя кечээ, 3-сентябрда болжол менен саат 16:50 чамасында болгон. Милициянын «102» кызматына Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде айдоочулардын ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган. Алар БМВ үлгүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган айдоочусун милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жерде жигит депутатка жана анын жан сакчысына каршы арыз жазган. Анын айтымында, алар тарабынан сабалган.

Бул факты каттоого Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен каттоого алынган. «Денеге келтирилген залалдын даражасын аныктоо үчүн жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындады, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.