Депутат Төрөбай Зулпукаров 30-сентябрга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда депутат Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралып, бөгөт чарасы узартылды.

Тактап айтканда, ал 30-сентябрга чейин камакта болот.

«27-июлдагы токтомго ылайык, шектелүүчү Зулпукаровго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 30-сентябрь күнүнө чейин узартылды»,- деп айтылат маалыматта.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.