Депутат Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаардык сотунда депутат Төрөбай Зулпукаровдун адвокатынын доо арызынын негизинде анын баш коргоо чарасы каралып, Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Тактап айтканда, ал 30-сентябрга чейин камакта болот.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.