Депутат Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын кароо 24-августка жылдырылды

Бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык сотунда депутат Төрөбай Зулпукаровдун адвокатынын доо арызынын негизинде бөгөт чарасы каралмак. Бирок соттук отурум 24-августка жылдырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган. 27-июлда анын бөгөт чарасы узартылып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.