Депутат: «Унаа сүзүп, каза болгон 19 жаштагы кыздын окуясына реакция кылбасак болбойт»

Депутат Жаныбек Абиров унаа сүзүп, каза болгон 19 жаштагы кыз боюнча маселе көтөрдү. Анын айтымында, шектүүнүн үй камагына чыкканы туура эмес.

«Буга жардам берип, реакция кылбасак болбойт. 19 жаштагы кыз каза болду. Үй-бүлөсү ыйлап жатат. Ал эми тиги киши үйүндө отурат. Бул туура эмес»,- деди ал.

9-январда таңга жуук Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсантын Бишкектин Жибек-Жолу проспектиси менен Коммунаров көчөсүнүн кесилишинен жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Окууга бара жаткан кыз ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү катары Тойота үлгүсүндөгү унаанын 1974-жылы туулган айдоочусун кармалган. Кийин ал соттун чечими менен үй камагына чыккан.