Депутаттын пара менен кармалган бир тууганы эркиндикке чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун пара алууга шектелип кармалган бир тууганы Бактияр Төлөнов айып пул төлөп эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

17-мартта Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу «пара талап кылуу» беренесинин негизинде камакка алынган Миграция боюнча мамлекеттик кызматтагы борбордун жетекчиси Бактияр Төлөнов мамлекетке 260 миң сом айып пул төлөшү керек.

Биринчи май райондук сотунун токтомуна караганда, 9-январда Бактияр Төлөновду 20 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК менен Финполдун кызматкерлери кармаган. Документте Төлөнов жеке тараптан чет элдеги эмгек мигранттарынын ишине лицензия берүү боюнча маселени чечип берүү үчүн 1 500 доллар талап кылганы айтылат.