Диплом чуусу: Жогорку Кеңештин 4 депутаты жасалма диплом колдонууга шектелүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында УКМК тарабынан бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдорду колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери улантылууда. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Учурда жасалма дипломдорду колдонууга шектелгендердин бардыгы текшерилүүдө: Жогорку Кеңештин 4 депутаты, парламенттин аппаратынын 1 кызматкери, шаардык кеңештин 3 депутаты, 2 судья, Эсеп палатасынын 1 аудитору, Ички иштер органдарынын 10 кызматкери, УКМКнын Чек ара кызматынын 1 кызматкери, Салык кызматынын 3 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинен 6 кызматкер, Экономика министрлигинен 2 кызматкер, Транспорт министрлигинен 3 кызматкер, Айыл чарба министрлигинин 4 кызматкери, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1 кызматкери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 1 кызматкери, Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын 1 кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 билим берүү кызматкери, Социалдык фонддун 1 кызматкери, 2 банк кызматкери, 4 муниципалдык кызматтын кызматкери, Муниципалдык аймактык башкаруунун 1 адиси, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары, 1 мэр, 1 мурунку мэр, 1 вице-мэр, шаардык кеңештин 1 кызматкери, райондук мамадминистрациясынын 1 башчысы, 7 айыл аймагынын башчысы, айыл аймактын башчысынын 2 орун басары, айыл аймактын 7 кызматкери, айылдык 5кеңештин депутаты. Ошондой эле, кесиптик лицейдин окуучуларына мыйзамсыз диплом берүү боюнча 1 коррупциялык схема текшерилүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 9 адам өз каалоосу менен дипломун тапшырса, 16 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерүүгө алынды.

УКМК Кыргыз жарандарынын ичинен мамлекеттик кызматкерлерди терс иштерге жол бербөө максатында билими тууралуу жасалма дипломдорду жана документтерди өз ыктыяры менен берүүгө, же болбосо өз демилгеси менен ээлеген кызмат ордун бошотууга чакырат.