«Директор маалымдалган эмес». Аквапарктагы кырсык боюнча 6 мугалим жана завуч жумуштан алынды

«Ала-Тоо» аквапаркында болгон кырсык боюнча комиссия түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгында окуяга аралашкан №95 мектептин 6 мугалими жана завучу жумуштан айдалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин Билим берүү башкармалыгы комиссия түзүп, анын курамына бөлүмдүн, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин, Бишкек шаарынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлери жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кирген.

Иштин жүрүшүндө комиссия класс жетекчилер тарабынан башталгыч мектептин 13 классынын балдары үчүн эс алуу күнү уюштурулгандыгын жана мугалимдердин бири аквапаркка жамааттык баруу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзгөнүн аныктады. Мектептин администрациясы жана балдар менен иштеген инспекция кызматкерлери бул боюнча маалымдалган эмес. Аквапаркка жалпы 232 окуучу, 9 класс жетекчи жана 9 ата-энелердин өкүлү катышкан.

Ошондой эле комиссия тарабынан уюштурулбаган иштер үчүн балдарды коргоо, жашы жете электердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптардын аткарылышын жана функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн мектеп директоруна тартиптик жаза чараларын көрүүнү, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотууга чейинки иштерди жүргүзүү сунушталды.

Бишкек ШИИББи тарабынан тергөө амалдары уланууда.