“Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөлдүн унаасына ок чыгарылганы айтылды

“Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун унаасы белгисиз жарандар тарабынан аткыланганы айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 8-июлда Карагул Акмат көчөсүндө болгон. Бир адамдын жаракат алганы да айтылды.