«Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшү боюнча ЖАКтын башчысынын орун басары комментарий берди

«Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанылган Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ЖАКтын башчысынын орун басары Кемел Садыков билдирди.

Ал абактагылар арасында зордук-зомбулук болуп жатканын, бирок көп эмес экенин моюнга алды.

«Ооба, биз кылмыш болгонун билебиз. Кызматкерлерге карата кызматтык иликтөө уланууда. Абактагы адамдын өлүмү боюнча сот болот. Балким ачык болот. Мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз», — деди ал. 

Чыңгыз Жумагуловду 30-июль күнү камерада чогуу отурган адам мууздап өлтүргөнү маалымдалган. Ал жеке кастыгынан бул ишке барганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган. Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылына жерге беришкен.