«Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшү. Кылмышка шектелген 5 жаран камакта

27-августта Бишкектин Свердлов райондук соту Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектүүлөрдү камакка алды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Беш адамга Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен айып тагылууда.

Чыңгыз Жумагуловду 30-июль күнү камерада чогуу отурган адам мууздап өлтүргөнү маалымдалган. Ал жеке кастыгынан бул ишке барганын айтып, күнөөсүн моюнуна алган. Жумагуловду өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылына жерге беришкен.