«Дөө» каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов камактан бошотулду

Чыңгыз Жумагулов камактан бошотулду. Бул маалыматты бүгүн, 12-июлда ЖАМКтын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту өткөн жылы Чыңгыз Жумагуловду “Бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура аны жана анын эки шеригин 15 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоону суранган.

Чыңгыз Жумагулов жана Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы эки мүчөсү кылмыштуу топтун эки мүчөсүн сабап өлтүргөн деп айыпталган эле. Кылмыш болгон учурда Чыңгыз Жумагулов жаза өтөп жаткан.