Дордой-2 конушундагы көпүрөнүн алдынан эки жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денелери табылды

Дордой-2 конушундагы көпүрөнүн алдынан эки жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денелери табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 12-майда милицияга Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки ымыркайдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери Дордой-2 конушундагы көпүрөнүн алдынан 2 жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесин табышкан. Аталган факты каттоого алынды. Жансыз денелер Свердлов районунун аймагынан табылгандыгына байланыштуу иш Свердлов РИИБге өткөрүп берилет.

Айрым маалыматтарга караганда, жансыз денеси табылган ымыркайлардын бири кыз, бири эркек.