140 миң сомдук iPhone 13. «Дордойдо» телефон уурдоого 46 жаштагы аял шектелүүдө

Мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Ал “Дордой” базарында элдин көптөгүн пайдаланып, уурулук менен алектенип жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«Жөнөкөй кийинген аялдан эч ким шек санабагандыктан, ал ушундан пайдаланып, жабырлануучулардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап, анан изин жашырып кетип жүргөн. 13-август күнү “Дордой” базарында белгисиз адамдар 41 жаштагы аялдын сумкасынан 140 миң сом турган “iPhone 13” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карагандан кийин чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышты. Ал шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал кайра башка бирөөнүн сумкасына уурулукка кирип жатканда байкалып калган», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 1976-жылы туулган тургунун кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аныкталгандай шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада сатып салган.