“Дордой” базарындагы митингден кийин 1 адам кармалды

Кечээ, 30-ноябрда «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышкан. Ал жерден видео тарап, эркек кишинин денесине залал келтиришкени тартылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары митингдин бир катышуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар сабалган адам Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси экенин, 3 соодагер кармалганын жазып жатышат.