«Дордой» базарындагы өрттөн 3 адам жабыркады (сүрөт, видео)

«Дордой» базарындагы өрттөн 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, «Дордой» базарынын контейнерлеринен чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түздү. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган.

Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери.