«Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ал УКМКнын тергөө абагында болот.
Кечээ, 14-октябрда Салымбековдун Бишкекте кармалганы айтылган. Бирок УКМК комментарий берүүдөн баш таркан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылган.