Бишкек шаарына караштуу Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан «Дордой Моторс» базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 23:16да Ленин райондук №6 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:21де 1 , саат 23:25те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Тилсиз жоо саат 23:59да чектөөгө алынды, өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.