«Дордойдо» 23 миң сомдук куртканы кийген бойдон кетип калган. Уурдоого шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабын уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды.

27-февраль күнү милицияга жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 20-февраль күнү “Дордой” соода базарынын контейнерлердин биринде жашыруун түрдө 23 миң 500 сомду түзгөн жаңы куртканы уурдап кетишкенин айткан. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1995-жылы туулган К.А., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.