«Дордойдо» банктын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектин «Дордой» базарындагы «Кыргызстан» банкында чыккан өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү.
Маалым болгондой, бүгүн, 10-июнда «Кыргызстан» банкынан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 09:55те жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.